Баткен облусунда күз-кыш мезгилине калкты көмүр менен камсыздоо максатында жалпы 101 миң тонна көмүр даярдалат. Бул тууралуу аныкталган даярдыктар боюнча өткөн жыйында кабарланды.
Региондо көмүрдү сатуу максатында 68 пункт уюштурулуп, алардын ичинен 21 муниципалдык болуп саналат. Ушул саясат аркылуу калкка көмүрдүн жеткиликтүүлүгү жана баанын туруктуулугу камсыздалууга тийиш.
Облус жетекчиси Мамыржан Рахимовдун буйругу менен күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча облустук штаб жана аракеттер планы бекитилди. Тиешелүү кызматтар бул иштерди белгиленген тартипте аткарышууда.
Жыйында абал боюнча Абдирашит Ташбалтаев калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, көмүр кампаларын ачуу, көмүрдүн баасын көзөмөлдөө жана өндүрүштүк объекттерди электр энергиясы менен жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча тапшырмаларды берди.
Билим берүү жана медицина мекемелеринин көмүр керектөөсү
Баткен облусундагы 431 билим берүү мекемеси үчүн 17 миң 405 тонна көмүр керек болот. Азыркы учурда көмүр сатып алуу боюнча келишимдер түзүлүүдө.
Ал эми 257 саламаттык сактоо мекемелерине 3 миң 38,4 тонна көмүр керек. Тендерлер өткөрүлүп, келишимдер түзүлдү. Учурда 80 тонна көмүр жеткирилген.


















