Кыргызстанда турак-жайды милдеттүү камсыздандырууга карата жарандардын ишеними жылдан-жылга жогорулай баштады. Мындай маалыматты «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруу боюнча төлөмдөр жана компенсациялар башкармалыгынын орун басары Наталья Аттаева билдирди.
Аттаеванын айтымында, тургундардын кызыгуусу өзгөчө кырдаалдардан, анын ичинде жакынкы аймактардагы селден жабыркагандарга жасалган чыныгы төлөмдөрдөн кийин көбөйдү.
Ал ошондой эле милдеттүү камсыздандыруунун шарттары жашаган жери менен байланыштуу экенин белгиледи. Айыл жерлеринде жылына камсыздандыруу полиси 600 сомду түзсө, камсыздандыруу компаниясынын жоопкерчилиги 500 миң сомго чейин жетет. Шаарларда болсо полистин баасы жылына 1 200 сом болуп, камсыздандыруу суммасы 1 миллион сомго чейин жетет.
Турак жайды камсыздандыруу укугу анын ээсинен сырткары ижарачыларга да берилип, алар өзүнөрүнүн мал-мүлкүн өрт, табигый кырсыктар жана жер титирөөлөрдөн сактоону каалайт.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, камсыздандыруу полиси биринчи каржылык жардамды мамлекет кепилдейт, бирок ремонттун жалпы чыгымдарын толук калыбына келтирүү төлөмдөрүнүн камтуусунда эмес.








