Президент Садыр Жапаров журналисттер менен блогерлерге каршы кайрылууларга жана куугунтукка байланыштуу пикирин билдирди. Ал өз сөзүндө эч кимди жеке өзү каматпаганын, мыйзамдын гана адамды жоопкерчиликке тартаарын белгиледи.

Жапаров коомдук турмушка таасир эткен маалыматты таратууда алардын жоопкерчилиги болушу керек экенин айтты. Ал президенттик кызматка келерден мурун жана кийин парламентте көп жылдар бою болуп келген көрүнүштөргө токтолду.

Мамлекет башчы буга чейин болгон куугунтуктардын жана камоолордун артында көп учурда популизм жана демагогия экенин белгилеп, мыйзамда жалган маалымат тараткандарга карата жоопкерчилик көрсөтүлгөнүн эске салды.

Ошондой эле ал мыйзамды аткаруу укук коргоо органдарынын милдетинде экенин айтты. Президент мыйзам аркылуу гана адам жоопкерчиликке тартыларын баса белгиледи