Сулюк шаарында ар кандай мекеме жана уюмдарда иштеген аялдардын ортосунда спорттук мелдештер болуп өттү. Катышуучулар армрестлинг, аркан тартыш жана мини-футбол боюнча өзүнүн чеберчилигин көрсөтүштү.
Turmush корреспондентинин билдирүүсүнө ылайык, спорттук иш-чарага жалпысынан 13 команда катышты. Ар бир мекеменин өкүлдөрү өз деңгээлинде күрөшүп, мелдештерге активдүү катышышты.
Жеңүүчүлөр
Командалык эсептөөлөрдүн жыйынтыгында Н. Кушматов атындагы №9 орто мектебинин командасы биринчи орунду ээлеп, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмү экинчи, ал эми педагогикалык колледж үчүнчү орунга татыктуу болду.














