Баткен шаарында Kia K5 маркасындагы унаа айдоочусу жасалма мамлекеттик каттоо номерлерин жана атайын жарык түзүлүштөрдү колдонуп жүргөнү интернеттеги видеожазууларда көрүнүп калган.
Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, инспекторлор бул факты боюнча тиешелүү текшерүү жүргүзүшкөн.
25 500 сом айып пул
Айдоочу мыйзам чегинде айып пул төлөөгө мажбур болду.
Текшерүүнүн жыйынтыгында унаа айып пул токтотуучу жайга эвакуацияланды.











