Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасына барып, анын күз-кыш мезгилине карата даярдыгын көзөмөлдөдү.
Мэр өндүрүштүк объектилердин техникалык абалын, ишканаларды отун менен камсыздоо жана оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерип чыкты.
Көчмө жыйындын алкагында «Бишкек ЖЭБде» кеңешме өткөзүлүп, негизги энергетикалык жабдууларды оңдоого жана отун корун даярдоого өзгөчө маани берилди.
Мындан сырткары, жылуулук тармактарынын абалы жана шаарды туруктуу жылуулук менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Шаарды жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн тиешелүү кызматтардын биргелешкен иштешүүсү маанилүү экени баса белгиленди.









