Бишкекте өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жаштарды бириктирген «Кыялымдагы Кыргызстан» форумунун жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чаранын алкагында катышуучулар республиканын келечеги, билим берүү, жумуш менен камсыздоо жана ишкердикти өнүктүрүү сыяктуу маанилүү маселелерди талкуулашты.

Форумдун жыйынтыгы 5-ноябрда Бишкек шаарындагы «Жаштык Аренасында» белгиленди. Ал жерде ачык дискуссиялар, интерактивдүү иш-чаралар жана жаштардын долбоорлорунун презентациялары өткөрүлдү.

Спутник Кыргызстандын билдирүүсүнө ылайык, бир жылдын ичинде долбоордун иш-чараларына 60 миңден ашык адам катышты. Алар өз демилгелерин бөлүшүп, коомдук маселелердин чечимдерин сунушташкан.

Форумдун башкы өнөктөсү катары «Евразия Кыргызстан» коомдук фонду чыкты. Фонддун директору Кымбат Урумкулова мындай деди:

Долбоордун жыйынтыктары мындай аянтчалардын жаш муун үчүн канчалык керектүү экенин тастыктады.
Кымбат Урумкулова, «Евразия Кыргызстан» коомдук фондунун директору