Бишкек шаарындагы жашылдандыруу иштеринин жыйынтыктары боюнча муниципалдык кызматкерлер кеңешмени өткөрүштү. МП «Бишкекзеленстрой» мекемесинин январьдан октябрга чейинки отчеттук мезгилдеги иши каралып, шаарды жашылдандыруу боюнча жаңы стратегиялар талкууланды.

23 232дарак отуулду
2,1 млнбир жылдык гүл отуулду
110 000дарак дарыланды

Айбек Жунушалиев шаардын эстетикалык көрүнүшүн бир нече сезон бою сактап туруу үчүн көп жылдык гүл өсүмдүктөрүн активдүү колдонууну сунуштады. Ошондой эле, шаар башчысы Бишкектин климатына ылайыктуу өсүмдүктөрдүн түрлөрүн тандоо зарылчылыгын белгиледи.

Мэр башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөө керектигин айтып, бир көчөдө бир эле түрдеги дарактарды отуургузуу ыкмасын сунуштады. Мындан тышкары, шаарды жашылдандырууга бизнес өкүлдөрүн тартуу боюнча сунуштарды даярдоо тапшырылды. Бул боюнча бир вариантта ар бир ишкана жергиликтүү климатка туура келген кеминде беш дарак отуургузушу мүмкүн.

Мэрдин айтымында, дарактарды отуургузуу үчүн тиешелүү шарттар болушу шарт.