Кара-Шоро айылында болгон жаңы жолдун узундугу 1 чакырымга жакынды түзөт. Ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Өзгөн районунун акими Каныбек Апбазов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жолдун курулушуна жалпысынан 6 миллион 299 миң 963 сом жумшалган. Бул каражаттын негизги бөлүгү Өнүктүрүү фондунан бөлүнүп берилген.
Жолдун курулушуна жумшалган каржылоо
Ачылыш учурунда жергиликтүү тургундар жаңы жолду курууга салым кошкон тараптарга ыраазычылыктарын билдиришти.

















