Борбордук шайлоо комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү 28-октябрда жумушчу жолугушуу өткөрүштү. Анда мектеп президенттери жана жаштар активисттери да катышты.
Жолугушуунун негизги темаларынын бири — эки мекеменин ортосунда кызматташуу меморандумун даярдоо болду. Бул документ макулдашууларды бекемдөөгө жана жарандык билим берүү чөйрөсүндөгү биргелешкен демилгелердин негизи болуп калмакчы.
Тараптар жаштардын укуктук маданиятын көтөрүү, жарандык жоопкерчилигин өнүктүрүү жана жаштарды коомдук турмушка тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Катышуучулар кызматташуу мектеп окуучулары менен жаштарды өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна катыштырууга кошумча механизмдерди түзүүгө мүмкүндүк берерине ишенимин билдиришти.
БШКнын билдирүүсүнө караганда, бул кадам жаш муундун шайлоо процесстери жөнүндө түшүнүгүн тереңдетүүгө жана аларды коомдук-саясий иш-чараларга активдүү катышууга үндөөгө багытталган.


















