Бишкек шаарында 6 жана 7-ноябрда мамлекеттик «Бишкек штампдоо заводунун» 85 жылдыгына жана «Дастан» транснационалдык корпорациясынын 70 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Иш-чараларга Коргоо министрлигинин орун басары Азизбек Байбалаев катышты. Ал өз сөзүндө бул ишканалардын мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого жана оборон-өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы өтө чоң экенин белгиледи.

Ошондой эле, министрликтин өкүлү ишканалардын кызматкерлеринин көп жылдык ак ниет эмгегин жана кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткарганын баса белгилеп, бир катар кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.

  1. 1956-жыл

    «Физикалык приборлор заводу» катары негизделген

  2. 1975-жыл

    «Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы прибор куруу заводу» деп аталышы өзгөргөн

  3. 1993-жыл

    «Дастан» транснационалдык корпорациясы катары ачык акционердик коомго айланган