2026-жылдын 30-июлунан 1-августуна чейин Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын ортосунда консультативдик жолугушуу өтөт.

Иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга Казакстандын, Тажикстандын, Азербайжандын жана Түркмөнстандын президенттери келишет. Учурда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да өлкөдө мамлекеттик сапарда болуп жатат.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар соода, энергетика, туризм жаатында кызматташтыктын бекемделишин, транспорт коридорлорунун кеңейишин жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнү талкуулашат.

Ошондой эле регионалдык коопсуздук маселелери жана эл аралык уюмдардагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болот.