Бишкек шаарында топографиялык карта жана геодезиялык маалыматтарды санарип форматка өткөрүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Башкы шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы билдирет.
Шаар курулуш башкармалыгында «ТИМ КРЕДО» компаниясынын өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өтүп, анда «КРЕДО ТОПОГРАФИЯ» программалык комплекси тааныштырылды. Бул система топографиялык-геодезиялык иштерди автоматташтыруу, инженерлик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын иштетүү жана топографиялык пландарды даярдоо үчүн колдонулат.
Жаңы программалык чечимдер маалыматтарды иштетүүнү эффективдүү кылып, геомейкиндик маалымат системаларын өнүктүрүүгө жана башкаруу системасын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Жолугушуунун аягында тараптар кызматташтыкты улантуу жана дагы бирге иштөө багыттарын талкуулоого макулдашты.









