Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Иссык-Күлгө келди. Ал бул аймакта өтө турган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн башчылары менен Азербайжандын президентин камтыган неформалдуу консультативдүү жолугушууга катышат.
Жолугушуунун максаты өлкөлөр арасындагы кызматташууну кеңейтүү жана региондук маселелерди талкуулоо болуп саналат.




