Кыргызстандын жогорку окуу жайларына жайкы кабыл алуунун үч турунун жыйынтыгында 70 500дөн ашык электрондук талон катталып, бюджеттик орундарга 24 400, келишимдик негиздегилерге 46 100 талон бөлүндү.

«Абитуриент онлайн» системасынын 29-июлдагы маалыматтарына ылайык, ЖОЖдорго 42 700гө жакын талапкер билим алууга сунушталган.

Алардын 30 600дөн ашыгы өздөрү тандаган адистик боюнча окууга мүмкүнчүлүктү ырасташты, бул сунушталган талапкерлердин 72 пайызын түзөт.

Ошондой эле 2 600дөн жакын талапкер кийинчерээк өз арызын кайтарып алган.

Катталган талондордун саны боюнча алдыңкы беш окуу жай

  • Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети — 12 095 талон
  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети — 10 608 талон
  • Ош мамлекеттик университети — 7 698 талон
  • Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы — 5 531 талон
  • Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети — 5 366 талон

Кабыл алуу кампаниясынын төртүнчү турун 3-августта башталары күтүлүүдө жана жалпы беш тур пландаштырылган.