Кыргызстанда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун үчүнчү туру расмий түрдө башталды. Бул этап абитуриенттерге өз билим жолун улантуу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк берет.
«Абитуриент online» автоматташтырылган маалымат системасынын маалыматына ылайык, абитуриенттерди каттоо 29-июль күнү саат 14:00гө чейин уланат.
Алгачкы эки турдун жыйынтыгы
Алгачкы эки турдун көрсөткүчтөрү
«Абитуриент online» системасы аркылуу алгачкы эки турда 61 миңден ашык электрондук талон катталган. Анын ичинен 21,6 миңи бюджеттик орундарга, 39,5 миңи контракттык негизде болгон. Жогорку окуу жайлары 41,6 миң абитуриентти кабыл алууга сунуштаган.
Кабыл алынган абитуриенттер арасында эң популярдуу багыттар: педагогикалык жана гуманитардык адистиктер, экономика жана каржы, медицина, маалыматтык технологиялар, ошондой эле юриспруденция.






