Кыргызстанда 13-июлда жогорку окуу жайлар менен колледждерге кабыл алуунун биринчи туру башталды. Бул жылы кабыл алуу онлаин форматта «Абитуриент Онлайн» платформасы аркылуу жүргүзүлүүдө.
Абитуриенттер кабыл алууга катышуу үчүн 13-июлдан 15-июлга чейин катталуусу керек. Жалпы кабыл алуу өнөктүгү беш тур менен өтөт.
Жогорку окуу жайларга жана колледждерге кабыл алуу негизинен Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ОРТ) жыйынтыктарына карайт. Айрым кесиптер, мисалы, искусство жана дене тарбия багыттары үчүн кошумча сынактар каралган.
Ошондой эле 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү профлицейлерге да тапшыра алат. Профлицейлерде курулуш, энергетика, IT, айыл чарба, транспорт, коомдук тамактануу, туризм жана башка көптөгөн тармактар боюнча кесиптер сунушталат.
ОРТ минималдык балл талаптары





