Жайкы кабыл алуунун алгачкы төрт айлампасынын жыйынтыгында жогорку окуу жайларына 75,3 миң электрондук талон катталган. ЖОЖдор жалпысынан 50,9 миң абитуриентти окууга сунуштаган.
Пландалган кабыл алуу
Кабыл алына турган адистиктердин ичинен педагогикалык жана гуманитардык багыттар, экономика жана каржы, медицина, маалыматтык технологиялар, ошондой эле юриспруденция тармактары популярдуулугу менен алдыңкы орундарды ээлешет.
Ошону менен бирге, колледждерде да абитуриенттерди кабыл алуунун акыркы туру башталды. Алар үчүн босого балл төмөндөтүлгөнү белгиленди.











