Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, бул ишканалар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө базасы 2030-жылдын 1-январына чейин тиешелүү район же шаар боюнча орточо эмгек акынын 40 пайызы деңгээлинде сакталып калат.

Тигүү жана текстиль өнөр жай ишканалары үчүн жеңилдетилген тартип тармакты мамлекеттик колдоо алкагында киргизилген. Ал өндүрүүчүлөрдүн финансылык жүгүн азайтып, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоого багытталган салыктык жана камсыздандыруу преференцияларын карайт.