Кыргызстанда жогорку окуу жайларында жана колледждерде абитуриенттерди кабыл алуунун алтынчы айлампасы өткөрүлөт. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.
Алтынчы айлампа 2026-жылдын 17-августунан 22-августуна чейин Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары жана орто жалпы билим боюнча аттестаттын орточо баллы боюнча өтөт.
Алтынчы айлампанын графиги
- 17-19 август аралыгында саат 14:00гө чейин конкурска катышуучулардын каттоосу
- 20-августка чейин саат 10:00гө чейин кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесинин жарыяланышы
- 20-22 август аралыгында саат 16:00гө чейин абитуриенттердин тандоосун тастыктоосу
Министрлик билим берүү мекемелеринин жетекчилерин белгиленген мөөнөттөрдү так сактоого чакырат.
Башында кабыл алуу кампаниясы беш айлампа түрүндө жүргүзүлөрү пландалган эле.








