Исламдык каржылоо Кыргызстанда барган сайын популярдуулукка ээ болууда. Анын салттуу банк кызматтарынан айырмачылыктары, аны кимдер колдоно ала турганы жана ислам банктары кандай өнүмдөрдү сунуштаары тууралуу маалыматтар актуалдуу.

Исламдык каржылоо деген эмне?

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын исламдык каржы өнүмдөр бөлүмүнүн алдыңкы инспектору Кубаныч Тогуззаковдун айтымында, исламдык каржылоонун негизги айырмасы — кызмат көрсөтүүгө болгон мамилеси. Ал шариат стандарттарына ылайык иштейт.

Ислам банк ишинде пайыздарды колдонууга тыюу салынат. Анын ордуна башка механизмдер колдонулат, мисалы, соода-сатык бүтүмүндөгү үстөк же өнөктөштүк долбоорлорго катышуу.

Ошондой эле, ислам каржылоосу алкоголдук ичимдиктерди, тамеки буюмдарын, курал-жарактарды өндүрүү, кумар оюндарына жана лотереяларга каржылоо сыяктуу кабыл алынгыс деп эсептелген иш чөйрөлөрүн каржылоого тыюу салат.

Бардык банктык операциялар жана келишимдер шариат кеңешинин текшерүүсүнөн жана жактыруусунан өтүшү керек.

Исламдык каржылоону кимдер колдоно алат?

Кубаныч Тогуззаков исламдык каржылоо универсалдуу модель экенин жана ага диний көз карашына же ишенимине карабастан бардык жарандар жете ала турганын белгиледи.

Кардар өзү кайсы банктык кызматтарды — салттуу же ислам принциптерине негизделгендерди колдонууну тандайт.

Кыргызстанда исламдык каржылоону кайсы банктар сунуштайт?

Кыргызстанда бир толук кандуу ислам банкы иштейт.