Бүгүн, 4-ноябрда, Манас шаарында жылуулук берүү башталат. Шаар мэри Уларбек Исмаиловдун 3-ноябрдагы буйругуна ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаардын бардык объектилерине жылуулук берүүгө уруксат берилди.

Жылуулук кайсы объектилерге берилет

Буйрукка ылайык, «Жылуулук» муниципалдык ишканасына социалдык объектилерге, көп кабаттуу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга жана башка мекемелерге казанканалар аркылуу жылуулук берүүнү уюштуруу милдети жүктөлдү.

Тийиштүү мекемелер газ, электр энергиясы жана суу менен үзгүлтүксүз камсыздоону да камсыздашы керек.

Аба ырайы жылуулукту токтотууга себеп болушу мүмкүн

Эгерде абанын температурасы кескин жогоруласа, тиешелүү мекемелердин жетекчилери жылуулук берүүнү убактылуу токтотуу маселесин карашат.

Документтен

Манас шаарында бүгүндөн тарта жылуулук бериле баштайт. Мындай чечим шаар мэри Уларбек Исмаиловдун 3-ноябрдагы буйругуна ылайык кабыл алынды.
Буйруктан