Бишкекте болгон аземде Академиялык инновациялык фонддун алкагында биринчи баскычтан тандалып алынган алты субдолборду ишке ашыруу үчүн гранттык келишимдерге кол коюлду. Бул долбоорлор жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана жаңы технологияларды киргизүүгө көмөк көрсөтөт.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматында, сынактын биринчи айлампасында Кыргызстандагы 38 мамлекеттик жана жеке жогорку окуу жайдан катышкан 196 концепциянын ичинен 59 долбоор экинчи туруна өттү. Көп этаптуу тандоодо эксперттик баа берүү, техникалык текшерүү жана презентациялардын негизинде алты субдолбор грант менен колдоого алынды.
- Кыргыз Улуттук Университетинен бир долбоор
- Ош Технология Университетинен эки долбоор
- Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинен эки долбоор
- "Адам" университетинен бир долбоор
"Качество и инновации в высшем образовании" долбоору Дүйнөлүк банктын эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын насыясынан 25 миллион доллар каражат менен каржыланат. Максат — илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу, жогорку билим берүү программаларын рыноктун талаптарына ылайыкташтыруу.
Долбордун бир компоненти университеттердин изилдөө жана инновация мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө багытталган. Ага 4 миллион доллар бөлүнгөн. Бул бөлүмдө иштөөчү Академиялык Инновациялык Фонд мамлекеттик гранттарды бөлүп берет.





















