Tazabek басылмасынын маалыматына ылайык, Эл аралык Валюта Фондунун (МВФ) «Аймактык экономикалык өнүгүү перспективалары: Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия» отчетунда айтылгандай, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасы 2025-жылы күтүлгөндөн жогору өсүш темпин көрсөткөн. Бирок 2026-жылы аймак тышкы факторлордун начарлашынан жана дүйнөлүк базарлардагы туруксуздуктун кесепеттеринен улам жайлоого дуушар болот.
МВФтин баамында, 2025-жылы аймактын экономикасы 6,2 пайызга өскөн, бул мурунку божомолдордон болжол менен 0,5 пайыздык пунктка жогору. Өсүшкө реалдуу эмгек акылардын жогорулашы, мамлекеттик чыгымдардын туруктуулугу, акча которуулар жана экономиканын айрым тармактарындагы жогорку активдүүлүк өбөлгө түзгөн.
2026-жылы Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө өсүү темпи 4,8 пайызга чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Бул жагымдуу тышкы шарттардын начарлашы, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы согуштун белгисиздиктин күчөшү жана мунай импорттоочу өлкөлөр үчүн соода шарттарынын өзгөрүшү аркылуу мүмкүн болгон таасири менен байланыштуу.
Кыргызстан үчүн МВФ мамлекеттик чыгымдардын көбөйүшүнөн улам экономикалык активдүүлүктүн сакталышын болжолдоп жатат. Ошол эле учурда, фонд аймактагы көпчүлүк өлкөлөрдө бюджеттик тартыштыктын кыскарышы күтүлүп жаткандыгына карабастан, Кыргыз Республикасында капиталдык жана учурдагы чыгымдардын өсүшүнө байланыштуу бюджеттин тартыштыгы көбөйгөнүн белгиледи.
МВФтин маалыматына ылайык, 2025-жылы мунай импорттоочу өлкөлөрдүн арасында бюджеттин тартыштыгы Кыргызстан менен Тажикстанда гана өскөн.




