2026-жылдын 27-октябрында Ташкент шаарында «InnoWeek.Uz–2026» эл аралык инновациялык идеялар жумалыгынын жана Түрк дүйнөсүнүн илим күнүнүн ачылыш аземи өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү.
Министр өз сөзүндө инновацияларды өнүктүрүү, технологиялык ишкерликти колдоо, университеттерде колдонмо изилдөөлөрдү өркүндөтүү жана жаштардын стартаптарын өнүктүрүү Кыргызстандын мамлекеттик артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи. Ошондой эле илимий иштелмелерди коммерциялаштыруунун маанилүүлүгүнө токтолуп, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыктын алкагында биргелешкен илимий долбоорлорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду.
Күндүн экинчи жарымында Гульзат Исаматова Түрк мамлекеттери уюмунун колдоосу менен уюштурулган Түрк дүйнөсүнүн илим жана инновациялар күнүнө арналган иш-чараларга катышты.
Панелдик сессияда министр биргелешкен илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, илимий дипломатияны чыңдоо жана академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү маселелерин көтөрдү. Ошондой эле Кыргызстандын жогорку билим берүү, академиялык илим жана интеллектуалдык менчик тармактарын бириктирген бирдиктүү мамлекеттик ведомствону түзүү тажрыйбасын тааныштырды.
Түрк мамлекеттери уюмунун алкагындагы кызматташтыктын үч багыты
- университеттердеги бизнес-инкубаторлордун тармагын кеңейтүү жана студенттик стартаптарды колдоо;
- TURKUNIB университеттер тармагы;
- «Орхун» программасы.
Бул багыттар Түрк мамлекеттери уюмунун алкагындагы илимий жана билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.




















