УюмЭскерүүлөр: 7

Ош Технологиялык Университетинде келечектеги автоспециалисттерди даярдоо үчүн окуу мастерстуу ачылды. Бул долбоорду Кытайдагы Changan Automobile Group компаниясы, Ош Технологиялык Университети жана Чунцин Профессионал Интеллектуалдык Инженерия колледж деген тараптардын кызматташуусу менен ишке ашырышты. Мастерстуу студенттерге заманбап унааларды тейлөө жана диагностикалоо боюнча практикалык билимдерди алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

ОшТУнун илимпоздору 2024-жылы Ош шаарындагы жашыл өсүмдүктөрдүн абалын иликтеп, 60тан ашык зыянкеч курт-кумурскалар менен 58ден ашык ооруларды таап чыгышты. Алар шаардагы дарактарды химиялык препараттарды чектөө менен коргоо үчүн туруктуу фитосанитардык көзөмөлдү жүргүзүүнүн зарылдыгын белгилешүүдө.

Бишкекте биринчи баскычтагы Академиялык инновациялык фонддун сынагынан ийгиликтүү өткөн алты субдолборду ишке ашыруу боюнча гранттык келишимдерге кол коюу аземи өткөрүлдү. Бул долбоорлор жогорку билим берүүдө сапатты жогорулатууга жана инновацияларды киргизүүгө багытталган.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.




