Ысык-Көлдүн Тамчы айылында атайын финансы-инвестициялык аймак иштей баштады. Бул жерде катталган компаниялар 49 жыл бою салык төлөбөй, жеңилдетилген шарттарда иш алып бара алышат.

Учурда аймакта ар кайсы өлкөдөн 40ка жакын компания катталып, ишин баштаган. Бул долбоор Кыргызстандын экономикасына олуттуу салым кошот деп күтүлүүдө.

«Тамчы» долбоорунун көрсөткүчтөрү

40катталган компания
49жыл салыксыз режим
3900компанияны тартуу планы
10000жумуш орду
20 млрддоллар экономикага салым

Долбоордун максаты — 2035-жылга чейин 3900 компанияны тартуу, 10 миң жумуш ордун түзүү жана Кыргызстандын экономикасына 20 миллиард доллар өлчөмүндө салым кошуу.

Тоо курорту «Ак-Ала-Таш»

Ысык-Көлдүн дагы бир ири долбоору — Чолпон-Атанын жанындагы «Ак-Ала-Таш» тоо курорту. Бул жерде жыл бою иштей турган туристтик инфраструктура курулуп, анын ичинде канат жолу да болот.

Канат жолу эс алуучуларды 2750 метр бийиктикке көтөрүп, тоо пейзажын тамашалоого мүмкүнчүлүк берет. Курорт өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумушчу сапары учурунда «Ак-Ала-Таш» курортунун курулушунун башталышы менен таанышты. Бул долбоорлор Ысык-Көлдү дүйнөлүк бизнес жана туризм борборуна айландырууга багытталган.