Кыргызстанда күн энергетикасы жигердүү өнүгүп жатат. Кемин районундагы станциянын аянты 161 гектарды түзөт, аны курууга 55 миллион доллар инвестиция тартылган. Күнөстүү күндөрү станция 80 МВт кубаттуулукту бере алат, бирок өндүрүмдүүлүк аба ырайына түздөн-түз байланыштуу.

Эмилбек Орозбаевдин айтымында, станцияга күндүн абалына жараша бурчу динамикалык өзгөрүп туруучу күн панелдери орнотулган. Бул технология күн нурун максималдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Ысык-Көлдө жаңы станция ишке кирди

Быйыл июнь айында Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында дагы бир күн станциясы ишке берилген. Анын биринчи фазасынын кубаттуулугу 175 МВт түзөт. Учурда экинчи фазасынын курулушу башталып, ал дагы 50 МВт кошумча кубаттуулук берет.

Чакан ГЭСтердин саны өсүүдө

Өлкөдө болжол менен 35 чакан гидроэлектростанция курулуп, пайдаланууга берилген. 2026-жылдын аягына чейин дагы төрт ГЭСти ишке киргизүү пландалууда, ал эми жалпысынан учурда 35 гидроэлектростанциянын курулушу жүрүп жатат.

Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу жогорулайт

Токтогул ГЭСинде төрт агрегат реконструкцияланды. Аяктагандан кийин станциянын кубаттуулугу мурунку 1 200 МВт көрсөткүчкө салыштырмалуу 240 МВтка көбөйөт.

240 МВт Токтогул ГЭСинин кубаттуулугунун өсүшү

Реконструкция аяктагандан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 МВтка көбөйөт.

Жашыл энергетика фондунун жетекчиси ошондой эле акыркы үч жылда күн жана шамал долбоорлору үчүн жер ижарасынан мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешелер тууралуу маалымат берди.