Макулдашууга ылайык, Ысык-Көл облусунда заманбап шамал электр станциясы курулуп, ишке киргизилет. Долбоор энергетикалык кубаттуулуктарды диверсификациялоо жана аймактагы энергетикалык коопсуздукту бекемдөө максатын көздөйт.
Бул маанилүү келишимге 2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көлдүн Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында кол коюлган. Форум Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, ишкер чөйрөсүнүн, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышкан.
Долбоорду “Росатомдун” шамал энергетикалык бөлүмүнө кирген “НоваВинд Кыргызстан” ЖЧКсы жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду биргеликте ишке ашырат. Белгилей кетсек, шамал электростанциясынын курулушу үчүн алгачкы компоненттер буга чейин Кыргызстанга жеткирилген.
Форумдун жыйынтыгында, “Росатомдун” өкүлдөрү Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгы ырааттуу жана предметтүү өнүгүп жатканын белгилешти. Алардын айтымында, келишимдерден долбоорлорго, ал эми долбоорлордон өлкөнүн экономикасы үчүн жаңы инфраструктурага жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө өтүүдө. Бул жаңы кубаттуулуктарды түзүүгө, энергобалансты диверсификациялоого, узак мөөнөттүү каржылоону тартууга жана өлкөнүн экономикасын бекемдөөгө салым кошот.















