Президент Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулунун презентациясын угуп, аймактын өнүгүү динамикасына көңүл бурду. Райондун өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 994,9 миллион сомдон 2026-жылдын 9 айында 2 миллиард 507 миллион сомго чейин өскөн. Жыл аягына чейин бул көрсөткүчтү 3 миллиард сомго жеткирүү пландалууда.
Кадамжай районунун өнүгүү көрсөткүчтөрү
Инвестиция тартуу жаатында да оң жылыш байкалат: 2021-жылы 1 миллиард 766,3 миллион сом болгон инвестиция көлөмү 2026-жылдын 9 айында 2 миллиард 838 миллион сомго жеткен. Жыл аягына чейин 4 миллиард сом инвестиция тартуу күтүлүүдө.
Салык түшүүлөрү да өсүү тенденциясын көрсөтүүдө: 2021-жылдагы 340,8 миллион сомдон 2026-жылдын 9 айында 735,8 миллион сомго чейин көбөйгөн. Бул көрсөткүч жыл аягында 1 миллиард сомдон ашат деп күтүлүүдө.
Өнөр жай тармагында 13 жаңы ишкана ачылып, 138 жаңы жумуш орду түзүлгөн. Алардын арасында эки чакан ГЭС, "Тянь-Шань" ишканасы, асфальт заводу, таш майдалоочу төрт цех, товардык бетон өндүрүүчү ишкана, пеноблок жана газоблок чыгаруучу завод, тигүү цехи жана башка объектилер бар.
Билим берүү, саламаттык сактоо жана спорт тармактарында 91 объект пайдаланууга берилген. Ошондой эле 21 айылда таза суу менен камсыздоо боюнча иштер жүрүп, долбоорлордун жалпы наркы 574,3 миллион сомду түзөт.


















