Кыргызстанда темир жол тармагындагы адистерди окутуу Түркия менен кызматташуунун алкагында башталды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Окутууга Түркиянын мамлекеттик темир жолдорунун (TCDD) алдындагы Түрк темир жол академиясынын (Türkiye Demiryolu Akademisi) эки эксперти инструктор катары катышууда. Алар «Темир жолду оңдоо жана техникалык тейлөө» темасында сабак өтүп жатышат.

Программа теориялык жана практикалык сабактарды камтыйт. Анын ичинде темир жолго техникалык тейлөө көрсөтүү, кемчиликтерди аныктоо жана жоюу, жебе которгучтарды тейлөө, жолдун геометриялык параметрлерин өлчөө, ошондой эле оңдоо иштерин пландаштыруу маселелери бар.

Мындан тышкары, Бишкектин жанындагы темир жол участогуна биргеликте чыгып, жергиликтүү адистер менен бирге жолду кароо пландалууда.

Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар темир жолду тейлөө боюнча заманбап ыкмаларды үйрөнүп, тажрыйба алмаша алышат.
Ишкананын маалыматы боюнча