Кыргызстан темир жол тармагын өнүктүрүп, транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, жүк ташууну жеңилдетүү жана коңшу өлкөлөр менен транспорт байланышын бекемдөө максатын көздөйт. Бул пландардын борборунда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу турат. Аны менен катар өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырып, жүк жеткирүүнү натыйжалуу кылуучу ички маршруттар да өнүктүрүлүүдө.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан магистралы — өлкөнүн ири инфраструктуралык долбоорлорунун бири. Ал Кытай менен Борбордук Азиянын ортосундагы транспорттук байланышты чыңдоо үчүн стратегиялык мааниге ээ. Долбоор «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында үч мамлекеттин башчыларынын катышуусунда ишке ашырылууда.

Магистралдын параметрлери

525жалпы узундугу, км
304Кыргызстандын аймагында, км

Маршрут Кытайдын Кашкар шаарынан башталып, Торугарт ашуусу аркылуу өтүп, Кыргызстандын аймагы менен Жалал-Абад багытына, андан соң Өзбекстандын Анжиян шаарына чейин созулат.

«НК «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча, кыргыз бөлүгүндө убактылуу кирүү жолдору жана электр менен камсыздоо объектилери курулуп бүттү. Учурда 29 тоннелдин 28инде иш жүрүүдө, алардын жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт, бир тоннель толугу менен тешилген. Ошондой эле пландалган 50 көпүрөнүн 47синде курулуш иштери уланууда.

«Кытай–Кыргызстан» темир жол компаниясынын башкы директорунун орун басары Биринчи радионун эфиринде долбоордун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, курулуш графикке ылайык жүрүп жатат жана 2026-жылга чейин негизги иштерди аяктоо пландалууда.