Кыргызстандын делегациясы, башында суу ресурстарын, айыл чарбасын жана кайра иштетүүнү өнүктүрүү министрлигинин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу турган, жаңы минералдык жер семирткичтерди өндүрүү заводун куруу боюнча иш-чаралардын алкагында Кытай Эл Республикасына жумушчу сапар менен барды.

Пекинде өткөн жолугушууларда мамлекеттик органдардын жана жеке компаниялардын өкүлдөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле делегация Кытайдын Ички Монгол автоном райондо жайгашкан көмүрдөн жер семирткичтерди өндүргөн ири заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жолугушуулардын жыйынтыгында Кытайда адистерди окутуу жана тажрыйба өткөрүү боюнча келишимдерге кол коюлду. Бул адистер Кыргызстандагы жаңы заводдо эмгектенишет.

Квалификациялуу кадрларды даярдоо жаңы өндүрүштө заманбап технологияларды өздөштүрүүгө жана практикалык көндүмдөрдү алууга шарт түзүп, болочок ишкананын ийгиликтүү иштешин камсыздайт.