Кыргызстанда Индиядан келген BHISHM аттуу өзгөчө мобилдик госпиталь комплекси орнотулуп жатат.

Индиянын коргоо министри Раджнатх Сингх 2026-жылдын 28-апрелинде Бишкекке расмий сапар менен келип, мобилдик госпиталь Кыргызстандын коргоо министрлигине белек катары тапшырды.

Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, бул комплекстин негизги максаты — өзгөчө кырдаалдарда жана саламаттыкты сактоо системасын чыңдоодо эффективдүү көмөк көрсөтүү.