Суйунбай Маматкасымович Сатыбалдиев Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын акимдин орун басары болуп дайындалды.
Бул тууралуу тиешелүү буйрук Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев тарабынан кол коюлду.
Райондун активине Сатыбалдиевди Максатай Каримбердиева — Баткен облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары тааныштырды.
Сатыбалдиев буга чейин Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп иштеп келген.


