Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу ири эл аралык иш-чаралар учурунда медициналык коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоо максатында саламаттык сактоо системасын бекемдөөдө.
Бул масштабдуу иш-чараларга 600дөн ашык медициналык кызматкер тартылат. Оюндар өтө турган аянтчаларда атайын медициналык пункттар, мобилдик медициналык бөлүктөр жана заманбап мобилдик госпиталь жайгаштырылат. Ошондой эле, тез жардам бригадаларынын иши күчөтүлөт.
Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, мекемеде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын өкүлдөрү менен иш жолугушуу болгон. Жолугушуунун катышуучулары эл аралык иш-чаралардын катышуучуларына жана конокторуна медициналык жардам көрсөтүүнү уюштурууга, ошондой эле бардык тартылган кызматтардын ишин координациялоого өзгөчө көңүл бурушкан.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) оюндар өтүп жаткан мезгилде өзүнүн мобилдик госпиталын медициналык камсыздоо үчүн убактылуу берет. Бул госпиталь керектүү медициналык жардам көрсөтүү жана өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда ыкчам аракеттенүү үчүн колдонулат.


















