Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, жаңы булак аппараттардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздап, онкологиялык оорулуулар үчүн өмүргө маанилүү нур терапиясынын жеткиликтүүлүгүн сактап калат.
Бул демилге Кыргызстан менен Индиянын саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгынын дагы бир практикалык натыйжасы болду. Буга чейин белгиленгендей, Индия менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү онкологияны, медициналык кадрларды даярдоону, заманбап технологияларды киргизүүнү жана медициналык инфраструктураны модернизациялоону камтыйт.
Аппараттардын абалы жана дарылануучулар
Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев иш-чаранын жүрүшүндө нур терапиясынын бардык аппараттары учурда иштеп жатканын маалымдады. Анын айтымында, эки сызыктуу тездеткич, «Бабатрон» аппараты, эки флекситрон жана башка адистештирилген жабдуулар иштеп жатат.
Күнүмдүк дарылануу




















