Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борборунун маалыматына ылайык, өлкөдө өтө турган ири эл аралык иш-чараларга, тагыраак айтканда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана ШКУ саммитине медициналык жардам көрсөтүү үчүн атайын чаралар көрүлүүдө.

Бул масштабдуу иш-чаралардын алкагында 600гө жакын медицина кызматкери тартылып, ошондой эле мобилдик госпиталь да ишке киргизилет. Бул даярдыктар катышуучулардын жана коноктордун ден соолугун камсыздоого багытталган.