Бул маселени талкуулоо үчүн Улуттук илимдер академиясынын жана Кыргыз улуттук агрардык университетинин кызматкерлеринин катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрүлдү.
Катышуучулар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тизмесине киргизилген дары өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн агротехникалык өзгөчөлүктөрүн карашты. Атап айтканда, үрөн даярдоо жана себүү, өсүмдүктөрдү багуу, сугаруу, түшүм жыйноо жана сактоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле ар бир өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүктөрүн, топурак-климаттык шарттарын жана өстүрүү технологияларын эске алуу менен технологиялык карталарды иштеп чыгуу, илимий негизделген сунуштарды даярдоо жана дары өсүмдүктөрүн айыл чарбасында кеңири колдонуу маселелери сөз болду.
Жыйынтыгында адистер тарабынан технологиялык карталарды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо жана бул багыттагы ишти улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.
















