«Аялдар ипотекасы» программасынын алкагында аялдар турак жайды 9,75% жылдык үстөк менен сатып ала алышат. Буга чейин программа жаңы курулуштардагы батирлерди гана камтыса, эми экинчилик рыноктогу даяр турак жайлар да киргизилди.
Программага 2022-жылдан 2025-жылга чейин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) кезегине турган жана тандоодон өткөн аялдар катыша алышат. Бул тууралуу Nomad басылмасы билдирди.
Программанын шарттары
- Үстөк — 9,75% жылдык
- Мөөнөт — 25 жылга чейин
- Сумма — 7 миллион сомго чейин
- Баштапкы төлөм — 10%
- Үй-бүлөнүн кирешеси — айына 120 миң сом
Аялдар ипотекасы программасынын шарттары: үстөк 9,75% жылдык, мөөнөт 25 жылга чейин, сумма 7 миллион сомго чейин, баштапкы төлөм 10%, үй-бүлөнүн кирешеси 120 миң сом.
Программа аймактарда иштеп жатат. Бишкек менен Ошто аны 2027-жылдын биринчи кварталында ишке киргизүү пландалууда.
Катышуучунун мисалы
Программанын катышуучуларынын бири — Кант шаарынан дарыгер Лейла Набиева бир нече жылдан бери эки баласы менен ижарага алган үч бөлмөлүү батирин сатып ала алды. Анын окуясы Номад ТВ каналында көрсөтүлдү.



















