ОАО «Элдик Банк» менен ОАО «Мамлекеттик ипотекалык компания» кыргызстандыктар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан ири турак жай программасын ишке киргизди. Кол коюлган келишим 65 миллион АКШ долларын камтып, Азиаттык өнүктүрүү банкы колдогон долбоорду жүзөгө ашырууну аныктайт.
Бул демилге өлкөдө ипотекалык насыяларды жеткиликтүү кылып, өз турак жайын алууну каалаган жарандар үчүн шарт түзөт. Анын алгачкы этабы катары "Айымдардын ипотекасы" программасы ишке кирүүдө, ал аялдардын ипотекалык насыя ала алышын жеңилдетет.
Бул программа боюнча Бишкек жана Ош шаарларында турак жай сатып алууда жылдык пайыздык чен 10,75% (ЭПС 11,37% дан), ал эми облус аймактарында 9,75% (ЭПС 10,26% дан) түзөт.



















