2025-жылы Кыргызстанда микрокредиттерди алган адамдардын 53 пайызы аялдар болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин каржы жана баалар боюнча бөлүмүнүн башчысы Малика Абдукадирова маалымат берди.
Аялдар акыркы беш жыл ичинде өлкөдө микрокредиттердин жарымынан көбүн алган өкүлдөр болуп саналат.
Микрокредит алгандардын көп бөлүгү — 36%ы Бишкек шаарында катталса, экинчи орунда 13% менен Ош облусу турат.
Үчүнчү орунда Жалал-Абад облусу келип, ал жерде микрокредиттерди алган адамдар дээрлик 11%ды түзөт.








