Президент Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилген 1 104 батирдин ачкычтарын тапшыруу аземинде сөз сүйлөп, «Менин үйүм» мамлекеттик программасынын артыкчылыктуу багыттарын атады. Анын айтымында, программа биринчи кезекте турак-жайга муктаж жарандарга, бюджет тармагында эмгектенгендерге жана жаш үй-бүлөлөргө ылайыкталган.

Мамлекет башчысы өз батири адамдарга эртеңки күнгө болгон ишенимди бекемдей турганын кошумчалады. Бул кадам жарандардын турак-жай маселесин чечүүдө маанилүү каражат катары каралууда.