Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун билдирүүсүнө караганда, 9-августта Кыргызстандын аймагында үч жер титирөө катталды.
Биринчи жер титирөө жекшемби күнү саат 09:33тө болжол менен 3 баллдык интенсивдүүлүк менен катталган. Анын очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан: Кочубаево айылынан 7 чакырым түндүк-батышта, Араван айылынан 13 чакырым түндүк-батышта, Өзбекстандын Андижан шаарынан 28 чакырым түштүктө жана Ош шаарынан 36 чакырым батышта болгон. Кочубаево айылында термелүүлөрдүн күчү 2 баллды түзгөн.

















