Кадрлар резервине талапкерлерди тандоо сынагына электрондук арыздарды жана документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 8-августунан баштап жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
Тандоо графиги
- 8-августтан 31-октябрга чейин — талапкерлердин электрондук арыздарын жана документтерин кабыл алуу жана экспертизалоо;
- 16-ноябрдан 27-ноябрга чейин — квалификациялык тест тапшырууну уюштуруу жана өткөрүү;
- 7-декабрдан 11-декабрга чейин — сынак өткөрүү.
Мектеп жана бала бакча жетекчилеринин кадрлар резервине кирүү үчүн сынакка катышууну каалаган талапкерлер белгиленген мөөнөттө документтерди "Мугалим" автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу тапшыра алышат.
Эксперттик комиссия документтерди 10 жумушчу күндүн ичинде карап чыгат. Карап чыгуунун натыйжалары тууралуу маалымат талапкерлердин жеке кабинеттерине жөнөтүлөт.
Буга чейинки тест тапшыруу этабы июль айында өткөн. Ага катышкандардын 77,8 пайызы ийгиликтүү өткөн.









