Бүгүн, 9-августта эртең менен Кыргызстандын түштүгүндө болжол менен 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Институттун маалыматы боюнча, жер астындагы силкинүү саат 09:33тө катталган. Жер титирөөнүн очогу кыргыз-өзбек чек арасында, тагыраак айтканда, Кочубаево айылынан 7 км түндүк-батышта, Аравандан 13 км түндүк-батышта, Андижан шаарынан 28 км түштүктө жана Ош шаарынан 36 км батышта жайгашкан.

Кочубаево айылында жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү 2 баллга жеткен.