Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту шаршемби күнү эртең менен саат 07:05те Каракол шаарына жакын жерде 3 баллдык жер титирөө катталганын билдирди.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында жайгашып, Эңилчек айылынан 9 чакырым батыш тарапта жана Каракол шаарынан 69 чакырым түштүк-чыгыш тарапта болгон.

Сейсмикалык термелүүлөрдүн күчү Эңилчек айылында 2,5 баллга жетсе, Кургак айылында 2 баллга барабар болгон.