Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылынан баштап мектептердин 8-класстарына профилдик даярдоо компоненти киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Бул жаңы киргизүү окуучулардын кесиптик багытын аныктоого жардам берүүгө багытталган. Ал окуучуларга ар кандай билим берүү багыттары менен алдын ала таанышууга шарт түзөт.

8-класстын окуучулары үчүн 14 профилдик даярдоо программасы иштелип чыккан.

Профилдик компонентти окутууга жумасына эки саат бөлүштүрүлөт.

Ведомстводо баса белгилешкендей, профилдик даярдоонун киргизилиши окуучуларга окуу багыттары менен эртерээк таанышууга мүмкүндүк берип, алардын кийинки билим берүү жана кесиптик жолун тандоодо жардам берет.

Кыргыз билим берүү академиясы 24.kg басылмасына бул системанын кантип иштей турганы тууралуу маалымат берген.