Кыргызстандагы билим сапаты мугалимдердин сапаты менен түздөн-түз байланыштуу. Өзгөчө акыркы жылдары педагогика адистиктерине кабыл алуу тартиби өзгөртүлүп, абитуриенттерди тартып келүү ыкмалары каралууда.

2022-жылы билим бюджетинде окууга өтүүнүн минималдуу баллы 115ке көтөрүлгөн, ал эми келишимдик окууда бул көрсөткүч мурдагыдай калтырылган. 2024-жылы бул чектер дагы жогоруланган: бюджеттик бөлүмдө 120 балл, келишимдик бөлүмдө 115 балл.

Педагог адистиктерине кабыл алынгандардин орточо баллдары (2025 жыл):

145,3гранттык орундардан орточо балл
132,2келишимдик орундардан орточо балл

Мурда гранттар университеттерге алардын суроо-талаптарына жараша бөлүнсө, эми республикалык бюджеттен каралган каражаттар студенттердин тандоосу боюнча окуу жайларга которулат. Студенттер каалаган мамлекеттик же жеке окуу жайды тандай алышат.

  • Окуу жайлар арасындагы атаандаштык күчөйт
  • Студенттерге окуу жайды тандай алуу боюнча көбүрөөк эркиндик берилет
  • Билим берүү мекемелери билим сапатын жогорулатууга умтулушат

Эгерде бул система туура ишке ашса, мугалим даярдоодо сапатты жогорулатууга жана өлкө мектептериндеги кадрлар тартыштыгын азайтууга өбөлгө түзөт деген үмүт бар.