Кыргызстанда мектептерде профилдүү окуу үч жылдан өтүү менен этап-этабы менен киргизилет. Министрликтин 23-июнда чыгарган №894/1 буйругуна ылайык, бул процесс 2026-2027 окуу жылынан башталат.
Биринчи этап: 2026-2027 окуу жылы
8-класстар үчүн алдын ала профилдүү даярдоо программасы иштелип чыгып киргизилет. Мындан тышкары, жогорку класстарда кесиптик-колдонмо профилдүү программалары апробацияланып, билим берүү уюмдары менен кесиптик баштапкы окуу жайлар арасында тармактык кызматташтык түзүлөт.
Экинчи этап: 2027-2028 окуу жылы
9-класстар үчүн алдын ала профилдүү даярдоо программасы киргизилет. 11-класстарда академиялык жана кесиптик-колдонмо профилдүү программалар ишке кирет.
Үчүнчү этап: 2028-2029 окуу жылы
12-класстар үчүн академиялык жана кесиптик-колдонмо багыттагы профилдүү окуу программалары киргизилет.
Бул буйрук менен бирге, алдын ала профилдүү даярдоону уюштурууга методикалык сунуштамалар иштелип чыгып "Кут Билим" гезитинин 2026-жылдын 11-августтагы №30 санында жарыяланды.







